Кыргызстандык жаш өкүлү Илья Сивицкий 2026-жылдын 30-июнунан 6-июлуна чейин Таиланддагы Чиангмай шаарында өткөн Teen Star International эл аралык сулуулук жана талант сынагында биринчи орунга ээ болду.

Аталган сынакка дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жаш таланттар катышкан. Илья Кыргызстанды жогорку деңгээлде таанытып, өлкөнүн маданиятын урматтап көрсөткөн.

Илья сынак маалында улуттук жана тайланд улуттук кийимдерин кийип, эки өлкөнүн маданиятын урматтагандыгын далилдеди. Өзүнүн талантын шоу-бизнес дүйнөсүндө бий менен көрсөтүп, калыстардын жогорку баасын алды.

  • Биринчи орун — First Runner-up
  • Эң мыкты улуттук кийим — Best National Costume
  • Бир нече кошумча төмөндөй номинациялар

Айжамал Осмонова, эл аралык модельдиректор, Илья Сивицкийдин көрсөткөн жогорку даярдыгын, талантын жана кыргыз маданиятын мукаммал жеткиргенин белгиледи.

Бул жеңиш жаш таланттын эл аралык аренада кыргыз маданиятын таанытууда маанилүү кадам болуп калды.