Араван шаарында үч адам 40 жаштагы адамды ур-токмокко алышты. Бул окуя 9-августта болуп өткөн.
Окуя боюнча хулигандык фактысы менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөр — 24, 20 жана 28 жаштагы үч жигит — кармалып, сотто үй камагы түрүндө кармоо чарасы тандалган.









