Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Максат Асаналиев мамлекеттик органдардын ишиндеги негизги көйгөйлөрдү тизмектеди. Анын айтымында, кызматтар борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн туруктуу мониторингден өткөрүп турушат.

Максат Асаналиевдин маалыматы боюнча, аныкталган маселелер төрт негизги топко бөлүнөт:

  • Купуялык режимин камсыз кылуунун жетишсиздиги жана чектөөлүүгү бар маалыматтар менен иштөө тартибинин системалуу түрдө бузулушу.
  • Кызматкерлердин иш убактысында да, иштен тышкары убакта да ылайыксыз жүрүм-туруму. Бул мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын түшүрүп, жарандардын бийликке болгон ишенимине терс таасир этет.
  • Мамлекеттик кызматкерлердин чет элдиктер менен уруксатсыз байланышта болушу, ошондой эле тышкы саясатты жүргзүүгө ыйгарым укуктуу түзүмдөр менен макулдашпай билдирүүлөрдү жарыялоо.
  • Кызматкерлердин өз кызыкчылыгы үчүн кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуп, жарандардын укуктарын бузушу.