АКШнын вице-президенти Джей Ди Вэнс Украина президенти Владимир Зеленскийге Казакстандан ташылып жаткан мунай менен жүктөлгөн танкерлерге кол салбоону суранып кайрылган. Бул тууралуу Financial Times басылмасы украиналык расмий адамдарга таянып кабарлаган.

Вашингтон ушул аракеттер дүйнөлүк мунай рыногунун туруктуулугуна терс таасирин тийгизиши жана Америка компанияларына зыян келтириши мүмкүн деген кооптонууну билдирген.