Мамлекеттик процедуралардын алдын ала айтууга мүмкүн болбостугу жана бизнес жүргүзүү шарттарынын жетишсиз ачыктыгы Кыргызстанга Америкалык инвестицияларды тартууга тоскоолдук болуп жатат. Бул тууралуу АКШнын элчиси Лесли Вигери Максим Полетаевга берген маегинде айтты.

Дипломаттын айтымында, чет өлкөлүк компаниялар үчүн мыйзамдардын туруктуулугу, мамлекеттик органдардын чечимдеринин алдын ала айтууга мүмкүн болгондугу жана салынган капиталдын корголушу принципиалдуу мааниге ээ.

Ал Америкалык инвесторлор пайда алуу мүмкүнчүлүктөрүн гана эмес, иштөөгө туш боло турган шарттарды да кылдат баалай турганын белгиледи. Учурда өлкөдө иштеп жаткан Caterpillar, John Deere, Pepsi жана Coca-Cola сыяктуу Америкалык компаниялардын тажрыйбасына көңүл бурду.

Элчинин пикири боюнча, учурдагы инвесторлорго карата адилеттүү жана ачык мамиле жасоо өлкөгө жаңы компанияларды тартууга мүмкүндүк берет. Потенциалдуу өнөктөштөр инвестициялык климатты мамлекеттин экономикага каражат салган бизнес менен кандай байланышта болгону боюнча да баалайт.

Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар тутумуна өзгөчө токтолгон. Тендерлерди өткөрүүдө Америкалык компаниялар процедуралардын ачыктыгына жана атаандаштыктын бирдей шарттарына кызыкдар экенин айтты.

Вигери бизнес башка рыноктун катышуучулары менен атаандашуудан коркпой турганын, бирок мамлекеттик контракттар үчүн талапкерлердин бардыгы бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экенине ишенгиси келгенин белгиледи.