12-июнда Ак-Суу районунун бир айылында УКМКнын СГО кызматкери кыздын үйүнө барганда уруп-согулган. Ал окуя жөнүндө эч кимге айткан эмес жана Бишкекке кызматка кайтып келген.
Кызматкер 18 күндөн кийин жумушта эсинен танып, каза болгон.
Полиция окуя боюнча «Хулиганство» беренеси менен кылмыш ишин козгогон жана беш жергиликтүү жигитти, анын ичинде эки 16 жаштагы баланы кармаган.
Экспертиза дайындалып, ал уруп-согулуш менен каза болуунун байланышын тактоо үчүн жүргүзүлөт.








