Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан «Көк-Айгыр» чек ара бөлүмү туруктуу электр энергиясына кошулгандыгы тууралуу маалымат берилди. Бул ишке чейин чек арачылар электр энергиясын дизель генераторлор аркылуу чектелген убакытта гана колдоно алышкан.

Бул долбоордун алкагында «Торугарт» көмөкчү чордонунан 33 чакырым электр чубалгысы тартылып, кубаттуулугу 160 кВА болгон эки трансформатор жана 500дөн ашык электр мамысы орнотулган.

Эми электр тармагына кошулушу менен чек ара кызматкерлери туруктуу электр энергиясы менен камсыз болуп, алардын кызмат өтөө шарттары жакшырат.