Талибан бийлиги АКШга Кабулдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн кайтарууну сунуш кылууда. Бул кадам өлкөнүн тышкы байланыштарын бекемдөөгө багытталган.

Афганистандын тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки The New York Times басылмасына берген интервьюсында, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн чет элдик инвестициялар маанилүү экенин белгиледи.

Талибан расмий өкүлдөрү Кабулдагы АКШ элчилигинин ишин кайра жандандырууну жана америкалык инвестициялардын кирүүсүн колдоого чакырышты.