Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиада оюндары учурунда кийген спорттук формасын кайрымдуулук аукцунуна чыгарганын социалдык тармактары аркылуу билдирди. Бул баалуу буюмду 600 миң сомго сатып алышты.
600 000 сом аукциондун жыйынтыгы
Спортчунун формасы үчүн төлөнгөн сумма
Спортчунун айтымында, аукциондон түшкөн каражаттар жаштардын билим алуусун колдоого жумшалат.
Мен үчүн бул форма абдан кымбат: анда менин спорттук эмгегим, толкунданууларым жана баа жеткис эскерүүлөр бар. Андан ажырашуу оңой болгон жок, бирок эми ал жакшы иш үчүн кызмат кылат деген ишеним мени кубантат.










