27-июлда Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда электр энергиясы пландуу түрдө өчүрүлөт. Бул тууралуу Чүй жана Ысык-Көл электр тармактары ишканалары маалымдады.

Маалыматка ылайык, электр тармактарын өчүрүү чектөөлөрү тармактарды жана жабдууларды техникалык тейлөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болот.

"Tazabek" басылмасы билдиргендей, тиешелүү ишканалар электр жарыгы өчүрүлө турган аймактардын тизмесин жарыялашкан. Ага Чүй облусу жана Ысык-Көл облусу кирет.