Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу планында ар бир иш-чаранын каржылоо булагы так көрсөтүлөт. Бул тууралуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору Шумкарбек Адилбек уулу радио эфирүндө билдирди.
Адилбек уулунун айтымында, программанын негизин экспортко багытталган индустриалдык-сервистик өнүктүрүү модели түзөт. Учурда өлкөнүн ИДПсынын болжол менен 50 пайызы соода жана кызмат көрсөтүү тармагына туура келет. Туруктуу өсүш үчүн өнөр жайды жана өзүнүн чийки затын терең иштетүүнү өнүктүрүү зарыл.
Мурунку программаларга салыштырмалуу мамлекеттин каржылоо мүмкүнчүлүктөрү кыйла жогорулаган. Мамлекеттик банк дүйнөлүк финансы рынокторуна чыгып, баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу салыштырмалуу төмөн пайыз менен каражаттарды тартууда. Азыркы учурда рынокко чыгууга экинчи мамлекеттик банк даярдалууда.
30 млрд доллар ИДПтын көлөмү
Программанын максаты — өлкөнүн ички дүң ужунун көлөмүн 30 миллиард доллардан ашыкка жеткирүү.
Стратегиялык демилгелер улуттук институту адамдык капитал, илим жана технологиялар тармагындагы иш-чараларды иштеп чыгууга жооптуу.





