Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин депутаттары менен Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Бишкектеги №21 тергөө абагында мониторинг жүргүзүштү. Эл өкүлдөрү камераларды кыдырып, кармалган жарандардын абалы менен таанышты.

Тергөө абагындагы жарандардын саны

1474адам кармалууда
120аялдар

Депутаттар 10дон ашык кармалган жаран менен баарлашып, алардын даттанууларын угушту. Негизги көйгөйлөрдүн бири — соттук териштирүүлөрдүн өтө созулуп кетиши жана тергөө иштеринин калыс жүргүзүлбөй жаткандыгы. Ошондой эле, камактагылардын медициналык жардамга болгон муктаждыгы курч турганын белгилешти.

Айрым кармалгандар ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин көзөмөлүндө болушуну суранышкан. Мисалы, төрт ай мурун боор алмаштыруу операциясын жасаган жаран медициналык текшерүүдөн өтүүгө муктаж экенин айтса, I топтогу майыптыгы бар дагы бир жаран көрүүсү начарлап кеткени үчүн дарыгерлердин кароосун өтүнүп жаткан.

Бул маселелер боюнча депутаттар мекеменин жетекчилигине медициналык жардамга муктаж жарандарды текшерүүдөн өткөрүүнү уюштуруу боюнча тапшырма беришти. Ал эми абактын жетекчилиги тергөө абагы жакын арада жаңы имаратка көчүрүлөрүн жана ал жерде бардык тиешелүү шарттар түзүлөрүн маалымдады.

Мониторинг учурунда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жарандардын жазуу жүзүндөгү арыздарын кабыл алып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнүн түшүндүрмөлөрүн угушту. Комитет мүчөлөрү бардык кайрылууларды изилдеп чыгууну пландашты.