Өлкөдөгү 16 айыл аймагына жайыттардын абалын жакшыртуу жана малчылардын ишин жеңилдетүү максатында 43 миллион 441 миң сом грант бөлүнөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, тиешелүү гранттык келишимдерге кол коюлду. Бөлүнгөн каражаттар мал сугаруучу жайларды жана кудуктарды оңдоого, ошондой эле жайыттарга суу жеткирүүгө жумшалат.
Мындан тышкары, алыскы жайыттарга баруучу жолдорду жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү пландалууда. Бул чаралар айрым аймактардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган.
43 441 000 сом гранты
16 айыл аймагына бөлүнгөн сумма





