Социалдык фонддун билдирүүсүнө ылайык, Түштүк Кореядан бир жолку пенсиялык каражатты алууга кайрылган 152 кыргызстандыктардын 140усу акча каражатын алган. Калган 12 киши азырынча чечимди күтүп жатышат.
Бул төлөмдөр Кыргызстандын кызматтык тажрыйбасы Түштүк Кореяда болгон жана жумуш акысынан пенсиялык салымдар алынган кыргызстандыктар үчүн берилет.




















