Материалдар: 5
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ВИК) учурунда Бишкек шаарынын айрым негизги жолдору жана Ысык-Көл облусундагы трассалар убактылуу жабылат. Бул чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 30-августтан 6-сентябрга чейин жана иш-чаралардын графигине жараша ишке ашырылат.
Кыргызстандын ички иштер министрлиги 30-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн күчөтүлгөн чараларды колдонорун жарыялады. Бишкек шаарында жана Чүй, Ысык-Көл облустарында бир катар негизги жолдордон унаа кыймылы чекке алынып, айрым жерлерде жолдор убактылуу жабылат.
Бишкекте 11-августта Фучика көчөсүндө жайгашкан «Аска-Таш» стеласынын аймагында автобус №153 эки өспүрүмдү пешеходдук өткөөлдө сүздү. Жабырлануучулар дароо балдар клиникалык ооруканасына жеткирилди, учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.
2024-жылдын 11-августунда Бишкек шаарындагы Фучика көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Автобус эки кызды пешеходдук өтмөктө сүзүп, окуянын саат 09:00 чамасында болгонун Патрулдук милициянын кызматкерлери маалымдашты.
24-июлдан тарта Бишкекте Васильев трактысынын Комсомол айылына бурулуштан Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө кезектеги оңдоо иштери башталганы жатат. Жол кыймылын толугу менен жабуу каралган эмес, унаалар карама-каршы тилке аркылуу өткөрүлөт.