Материалдар: 3
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ВИК) учурунда Бишкек шаарынын айрым негизги жолдору жана Ысык-Көл облусундагы трассалар убактылуу жабылат. Бул чаралар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында 30-августтан 6-сентябрга чейин жана иш-чаралардын графигине жараша ишке ашырылат.
Кыргызстандын ички иштер министрлиги 30-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн күчөтүлгөн чараларды колдонорун жарыялады. Бишкек шаарында жана Чүй, Ысык-Көл облустарында бир катар негизги жолдордон унаа кыймылы чекке алынып, айрым жерлерде жолдор убактылуу жабылат.
16-августта Бишкек шаарында саат 11:00дөн 19:00гө чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин репетициясы боюнча бир нече көчөлөрдө убактылуу кыймыл чектелет. Шаар тургундары жана конокторуна альтернативдүү маршруту пландаштыруу сунушталууда.