Материалдар: 3
Кыргызстандын ички иштер министрлиги 30-августтан 6-сентябрга чейин мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн күчөтүлгөн чараларды колдонорун жарыялады. Бишкек шаарында жана Чүй, Ысык-Көл облустарында бир катар негизги жолдордон унаа кыймылы чекке алынып, айрым жерлерде жолдор убактылуу жабылат.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуп жаткан эки жаңы мектептин абалы менен таанышты. Ал билим берүү мекемелеринин ички жасалгасын долбоорлоого адистерди, анын ичинде психологдорду тартууну тапшырып, окуучулар үчүн жагымдуу жана жайлуу чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Old Bishkek долбоорунун администрациясы Бишкек мэриясынын жер алдындагы өтүүдө соода жайларынын ишин токтотуу боюнча чечимине комментарий берди. Алар мэрия тарабынан өтүүнүн иштеши тууралуу маалымдалганын билдиришти.