Бардык жаңылыктар: Теңир-Тоо
Материалдар: 6
Министрлер Кабинети Нарын облусундагы «Тенир-Тоо» фондунун ишмердүүлүгүнөн насыя берүүнү алып салды
Министрлер Кабинети Нарын облусундагы «Тенир-Тоо» өнүктүрүү фондунун жана райондук өнүктүрүү фонддорунун иштөө тартибине өзгөртүү киргизди. Мындан ары аталган фонддор насыя берүү механизмин колдонбой, бюджеттик каражаттарды түздөн-түз бөлүп берүүчү казыналык эсептер катары кызмат кылат.
Нарын өнүктүрүү фонддору мындан ары насыя бербейт
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусундагы өнүктүрүү фонддорунун иштөө тартибин өзгөртүү жөнүндө токтомго кол койду. Жаңы эрежелерге ылайык, алар насыя берүүнү токтотуп, каражаттарды жергиликтүү инфраструктурага жана социалдык долбоорлорго багыттайт.

Жапаров: Жарандардын ар бири үйгө ээ болууга чейин курулуш улантылат
Президент Садыр Жапаров Нарын облусунун аймагында жаңы турак жай курулуш комплексеринин ачылышына катышты. Ал бул жерде жарандарга жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылууга чейин курулуш иштери уланышы керектигин билдирди. Жаңы турак жайлар курулушу, аймактын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам болуп эсептелет.

Бишкектин «Ак-Ордо» конушунда 1500 балага билим берүүчү мектеп ишке кирди
Бишкектин «Ак-Ордо» турак-жай конушунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Үч кабаттуу имарат республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, 750 орунга ылайыкталган. Эки сменалык окууда ал 1500гө жакын окуучуну кабыл ала алат.

Нарында Ак-Коргон жана Москва райондорунда селден коргоо үчүн 10 млн сом бөлүндү
Нарын шаарында Ак-Коргон жана Москва райондорунда сел коркунучун жок кылуу максатында 10 миллион сомдук долбоор ишке ашат. Бул долбоордо 7 көчөдө жаан-чачындыгы суу агымдарын чыгаруу үчүн арык-лотоктор курулуп, суу өткөрүүчү кольцолор орнотулат.

Ат-Башы районундагы жолдор күн энергиясы менен жарыктандырылууда
Кыргызстандын Ат-Башы районунда күн энергиясын колдонуп чакан көчөлөр жана жолдор жарыктандырылууда. Бул иштер райондук өнүктүрүү фондунун каражатына жасалып, аймактын коопсуздугун жогорулатууга жана бюджетти үнөмдөөгө багытталган.