Бардык жаңылыктар: Таштак
Материалдар: 4

Жалал-Абад облусунда 16 социалдык жана өндүрүштүк объект ачылды
Бүгүн, 5-ноябрда, Жалал-Абад облусунда онлайн форматта 16 социалдык жана өндүрүштүк объект ачылып, пайдаланууга берилди. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты. Ачылган объектилердин арасында билим берүү мекемелери, завод, музей жана фельдшердик-акушердик пункт бар.

Ноокат шаарында таза суу долбоорунун курулуш иштери текшерилди
Ноокат шаарынын мэриясы 4-ноябрда Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашып жаткан таза суу долбоорунун жүрүшүн жеринен текшерди. Жалпы баасы 4,2 миллион евро болгон долбоордун курулуш сапаты жана калган иштердин өз убагында бүтүрүлүшү талкууланды.

Даткада селден коргоочу курулма курулуп, көчөлөр асфальтталууда
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагында селден коргоочу курулманын курулушу жана бир нече көчөнү асфальттоо иштери жүрүп жатат. Айыл өкмөт башчысы Санат Зарипбек уулу курулуш аянттарын кыдырып, иштердин сапатын текшерди.

Сузакта токтотулган бала бакчаларынын курулушу декабрда бүтөт
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда токтотулган бир нече бала бакчаларынын жана башка социал объектилердин курулушу кайра жанданды. Бул объектилерди куруу иштери курамындагы компаниялар өз каражаттарынын кошулушу менен уланып жатат жана бардык объектилердин декабрь айында ишке киргизилиши күтүлүүдө.