Бардык жаңылыктар: Таш-Рабат
Материалдар: 2

Нарын облусунда 9 ай ичинде 146,7 чакырым жол асфальтталды
Нарын облусунда 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 146,7 чакырым жол асфальтталды. Бул 2025-жылдын бүтүндөй көрсөткүчүнөн (96,2 чакырым) ашып түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Жол куруу жана оңдоо иштеринин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн кеңешмеге министр Талантбек Солтобаев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, район акимдери жана шаар мэри катышты.

Ат-Башыда Ача-Кайыңды – Калинин жолунун 6 чакырымынан асфальт төшөлдү
Нарын облусунун Ат-Башы районунда автоунаа жолунун Ача-Кайыңды – Калинин участогунда асфальттоо иштери ийгиликтүү аяктады. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аймактагы башка жолдорду да асфальттоо пландалып жатканын маалымдады.







