Материалдар: 1
Тогуз-Торо районунда 1 миң гектар аянттагы кайрак жерлерге суу ресурстарын жеткирүү боюнча долбоор талкууланууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү калк менен жолугушуусунан кийин белгилүү болду. Райондун акимы Нурлан Эшмукамбет уулу долбоор райондун социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилгенин, ал эми иштер зарыл каражаттар бөлүнгөндөн кийин башталарын билдирди.