Материалдар: 3
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылуу салтанатына билеттер 1 миңден 5 миң сомго чейин сатылат. Көпчүлүк иш-чараларга кирүү акы төлөнөт, ал эми «Кырчын» этношаары гана акысыз жеткиликтүү болот.
27-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында Өзбекстан Республикасынын маданият күндөрү өткөрүлөт. Бул иш-чарага Өзбекстандан 200гө жакын өкүлдөн турган чыгармачыл делегация келет. Маданий программа Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.
Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда 18-19-июль күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринен келген чыгармачыл топтордун катышуусунда гала-концерт жана өнөр усталарынын концерттери уюштурулат. Бул иш чаралар 23-ШОС мүчө мамлекеттеринин маданият министрлеринин жыйынынын алкагында өткөрүлөт.