Материалдар: 3
3-14 август күндөрү Санкт-Петербургда бир катар өлкөлөрдүн мугалимдери катышкан орус тили жана адабияты боюнча жайкы мектеп өткөрүлдү. Анда Кыргызстандан сегиз мугалим кесиптик чеберчилигин жогорулатып, дүйнө тажрыйбасын өз ара бөлүштү.
Кыргызстандын Иссык-Көл облусундагы "Барчын" балдар лагеринин базасында 20-июлдан 9-августка чейин мектеп окуучулары үчүн билим берүүчү тил лагери өтөт. "Дүйнөдөгү орус тилинин элчилери" эл аралык ыктыярчылар программасы тарабынан уюштурулган иш-чара орус тилин жана Россиянын маданиятын тереңдетүүгө багытталган.
Россотрудничествонун орун басары Кирилл Богомолов Кыргызстан жана Россия арасындагы гуманитардык кызматташтык тууралуу айтып, Кыргызстанды Россиянын эң жакын өнөктөштөрүнүн бири катары баалады.