Материалдар: 1
Талас облусунун дыйкандары президент Садыр Жапаровго фасоль ордуна сафлор өстүрүүнү кеңейтүүнү сунуштап, Кытай менен Европадан түшүмдүүлүгү жогору үрөн алып келүү боюнча жардам сурашты. Жергиликтүү аграрийлер жаңы сорттор түшүмдүүлүктү жана майдын сапатын бир топ жогорулата алат деп эсептешет. Президент профилдик министрликтерге бул үрөндөрдү сатып алуу жана текшерүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү тапшырды.