Материалдар: 1
Ош шаарындагы Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде «Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана ак илбирс — тоо экосистемасынын негизи» аттуу илимий-практикалык семинар болуп өттү. Иш-чараны NABU Кыргызстан уюму университеттин инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультеттери менен биргеликте уюштурду.