Бардык жаңылыктар: Экономикалык кызматташтык уюму
Материалдар: 2

Кыргызстан менен Азербайжан кылмыштуулукка каршы күрөштө кызматташтыкты бекемдейт
Кыргызстандын башкы прокурорунун биринчи орун басары Чингиз Ахматов Азербайжандын башкы прокурору Камран Алиев менен жолугушуп, коррупцияга жана транснационалдык кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ошондой эле укук коргоо органдарынын ишин санариптештирүү маселелерин талкуулады. Жолугушуу Бишкекте өттү.

Кыргызстан менен Өзбекстан 2026–2027-жылдарга маданий кызматташуу планына кол коюшту
Кыргызстандын жана Өзбекстандын маданият министрликтери 2026–2027-жылдарга карата маданий кызматташууну өнүктүрүү боюнча Планга кол коюшту. Бул документ эки өлкөнүн маданий байланыштарын бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлорду кеңейтүүгө жана жалпы мурастарды жайылтууга багытталган. Кол коюу Өзбекстандын президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда өттү.








