Бардык жаңылыктар: Октябрь РИИБ
Материалдар: 2

«Кок-Жарда» мыйзамсыз курулуш үчүн курулуш компаниясы 200 миң сом менен айып тартты
Бишкек шаарында «Кок-Жар» кичирайонунда мыйзамсыз алып барылган казуу иштерине байланыштуу курулуш компаниясына жоопкерчилик жүктөлдү. Объект катталбай, курулуш эрежелери бузулган. Компанияга 200 миң сом айып салынып, кызматкерлердин сертификаттары жокко чыгарылып, сынык тротуар толук калыбына келтирүүгө милдеттендирилди.

Бишкекте Юнусалиев көчөсүндө кызга кол салган эки киши кармалды
Бишкек шаарында Юнусалиев көчөсүндө кызга кол салган деп шектелген эки жаран укук коргоо органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Жабырлануучу кыз денесинен көк ала тактарды жана гематомаларды алган. Милициянын маалыматы боюнча, окуя мыйзамсыз аракеттер менен коштолгон.