Материалдар: 1
Ат-Башы районунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук жана саясий ишмер Чоробек Байгазаковдун 80 жылдыгына арналган бир катар эскерүү иш-чаралары өттү. Майрамдык программанын алкагында волейбол боюнча турнир жана эскерүү кечелери уюштурулуп, ага райондун бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана тургундар катышты.