Материалдар: 2
Талас облусундагы Кировка–Гребень–Плотина жолунун Кызыл-Адырдан Чоң-Капкага чейинки 11 чакырымдык участогу асфальтобетон менен толугу менен жабылды. Бул иш чара аймактагы транспорттук байланыштарды жакшыртып, жергиликтүү тургундардын коопсуз жана ыңгайлуу кыймылдоосуна шарт түзөт.
Талас облусунда 60 жаштан жогорку жаш курагындагы калкты тейлөөгө багытталган долбоордун үчүнчү этабы уланууда. «Үзүр» фондунун демилгеси, «Альянс Алтын» компаниясынын каржылык колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен ишке ашырылып жаткан бул акция медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү жогорулатууга багытталган.