Материалдар: 2
Кыргыз маалымат агенттиги «Кабар» 7-октябрь күнү ШӨК мамлекеттеринин маалымат каражаттары жана аналитикалык борборлорунун медиафорумунун уюштурулушуна жана өткөрүлүүсүнө жардам берген мамлекеттик мекемелерге, өнөктөштөргө жана волонтерлерге ыраазычылык каттар тапшырды. Бул форум Кыргызстандын ШӨКдо төрактогулук кезеңинде өткөрүлүп, дүйнөнүн 26 өлкөсүнүн 250ден ашык өкүлдөрүн топтогон.
Бүгүн, 24-июлда Талас шаарында жаңы борбордук сейил бактын ачылыш аземи болуп өттү. Анын курулушуна 165 миллион сом жумшалган. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен да таанышты.