Материалдар: 1
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын методикалык көзөмөл бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын полковниги Чоюнбек Исаков укук коргоо органдарындагы 25 жылдык эмгек жолу жана кызматтык практикасынан кызыктуу окуялар менен бөлүштү. Ал күзөтчүнүн ишкерди үч жыл катары менен уурдаганын, ошондой эле бала кезинен милиционер болууну кыялданган баланын кийин анын кесиптеши болуп калганын айтып берди.