Материалдар: 1
Ысык-Көл облусунун Тон районундагы Тон айылына жакын жерде майда балыктардын чоң үйүрү тартылган видео пайда болду. Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери 2026-жылдын 28-октябрында катердин астына камера түшүрүп, балыктардын көптүгүн белгилешти. Жергиликтүү тургундар мындай көрүнүштү акыркы айларда тез-тез байкап, муну экологиянын калыбына келиши жана браконьерликке каршы күрөштүн натыйжасы деп эсептешет.