Материалдар: 1
Талас облусунун Ынтымак айылынын тургуну Кожогазы президент Садыр Жапаровдон «Калинин» каналын реконструкциялоо мөөнөтүн сурады. Ал суунун жарымынан көбү фермерлерге жетпей, кумдуу топуракка сиңип кетерин айтты. Жооп иретинде айыл чарба министринин орун басары Асылбек Сатывалдиев канал 2027-жылдын жазына чейин курулуп бүтөрүн билдирди.