Мамлекеттик органЭскерүүлөр: 3

«Кассана Минералс» компаниясы Узун-Акматтагы алтын казуу аянтын рекультивациялоо иштерин 2018-жылдан бери аткара электиги аныкталды. Компаниянын атайын эсебинде 800 миң сомдон ашык каражат бар экени белгиленди.

Япония Бишкек шаарынын жогорку тактыктагы үч өлчөмдүү топографиялык картасын жана анын моделин башкаруу системасын түзүү үчүн 650 миллион япон иени өлчөмүндөгү грант бөлүп берет. Бул долбоор шаардык пландоо жана инфраструктураны башкарууну жакшыртуу максатында ишке ашырылат.

Жер ресурстарын пайдалануу боюнча аукциондорду өткөрүүдө жергиликтүү бийликтин макулдугу милдеттүү түрдө талап кылынат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин орун басары Амантур Турсуниязов билдирди.
Бул баракта жазылгандан көбүрөөк билесизби? Толуктоо сунуштаңыз — жарыялаганга чейин текшерүүдөн өтөт.
Кырлар — бир сюжеттин ичиндеги биргелешкен эскерүүлөр. Профилди ачуу үчүн түйүндү басыңыз.




