Материалдар: 1
20-июлда Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылында газ жабдуусу орнотулган унаа жарылып кетти. Бул тууралуу Оштогу жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Болжолдуу түрдө, жарылуунун себеби техникалык мүчүлүштүк болушу мүмкүн. Унаанын ээсинин газ жабдуусун орнотууга уруксат документтери бар экени белгиленди.