Материалдар: 1
Баткен шаарындагы дүкөндүн кассасынан 50 миң сом уурдалган окуяга байланыштуу Ички иштер башкармалыгы 19 жаштагы Кара-Бак айылынын тургунун шектүү катары кармады. Оперативдүү издөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү кармалып, тергөө жана иликтөө иштери уланууда.