Материалдар: 2
Бишкек шаарында «Кок-Жар» кичирайонунда мыйзамсыз алып барылган казуу иштерине байланыштуу курулуш компаниясына жоопкерчилик жүктөлдү. Объект катталбай, курулуш эрежелери бузулган. Компанияга 200 миң сом айып салынып, кызматкерлердин сертификаттары жокко чыгарылып, сынык тротуар толук калыбына келтирүүгө милдеттендирилди.
Кыргызстандын Курулуш министрлиги Ош облусунун Араван районундагы Турук дарыясында чакан гидроэлектростанциянын (ГЭС) курулушунда мыйзам бузууларды аныктады. Аталган компания объектти мамлекеттик реестрде каттабастан иш жүргүзгөн, натыйжада инспекторлор 200 миң сом айып салышты.