Бардык жаңылыктар: Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик
Материалдар: 4

Кыргызстан COP31 саммитинде тоо туризминин мүмкүнчүлүктөрүн жана климаттык тобокелдиктерди көрсөттү
БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча COP31 саммитинин алкагында Кыргызстан өзүнүн туристтик потенциалын таанытты. Иш-чарада тоолуу аймактардын экосистемасын коргоо, экотуризмди өнүктүрүү жана климаттык өзгөрүүлөрдүн туристтик инфраструктурага тийгизген коркунучтары талкууланды.

«Ала-Арча» улуттук паркында куткаруучу кызматты камтыган туристтик борбор курулат
«Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында эл аралык туристтик жана куткаруу борборунун курулушу пландалууда. Бул долбоор тоо туризминин өсүшүнө жооп катары жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.

Кыргызстан 4-5 жылдыздуу мейманканалардын санын 13төн 500гө чейин жеткириши керек, — Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги
Туризм тармагында сапаттык секирик жасоо үчүн Кыргызстанга 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалардын санын азыркы 13төн 500гө чейин көбөйтүү зарыл. Бул тууралуу 7-октябрда HoReCa эл аралык форумунда Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди. Ошондой эле визасыз режимди 80 өлкөгө чейин кеңейтүү жана туристтик визанын мөөнөтүн 60 күнгө узартуу пландалууда.

Иссык-Күлдө 2027-жылы суудагы Формула-1 мелдешин өткөрүү мүмкүнчүлүгү
H2O Racing компаниясы менен Кыргызстандын суу-мотор спорт федерациясы 2027-жылы Иссык-Күлдө дүйнөлүк чемпионаттын F1H2O этабын кайрадан өткөрүү жөнүндө келишимге кол коюшту. Иш-чаранын 2027-жылы август айындагы башталышы пландалууда.