Бүгүн Кыргызстандын Улуттук павильонунда «Климаттын өзгөрүшү жана тоо туризми: табигый мурасты коргоо жана туруктуу келечекке инвестициялар» деген темада эл аралык панелдик сессия болуп өттү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Сессиянын жүрүшүндө климаттын өзгөрүшү тоо туризмине кандай таасир этерин, тоолуу экосистемаларды жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калуу маселелерин караштырышты. Ошондой эле жергиликтүү жамааттардын ролу жана эл аралык каржылоонун мүмкүнчүлүктөрү талкууга алынды.

Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун кеңешчиси Санжарбек Болотов өлкөнүн туристтик потенциалы жана тоолуу экосистемалар менен туризмдин өз ара байланышы жөнүндө айтып берди. Ал климаттык коркунучтарга өзгөчө токтолуп, табигый кырсыктардын көбөйгөнүн белгиледи.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы көрсөткүчтөр

348селе кырсыгы
5 эсеөсүшү

Болотовдун айтымында, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөдө 348 сел катталган, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу болжол менен беш эсе көп.

Иш-чарада экотуризмди өнүктүрүү жана барс менен катар башка сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн сактоо маселелери да козголду.

Азия өнүктүрүү банкынын табият жана курчап турган чөйрө бөлүмүнүн директору Йоко Ватанабе климаттык жана жаратылышты коргоо долбоорлорун эл аралык каржылоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ал тоо туризми туруктуу өнүккөн учурда климаттык тобокелдиктерди эске алуу өтө маанилүү экенин баса белгиледи.