Материалдар: 2
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кызыл-Кыштак аймагындагы Алишер Навои көчөсүндө жашоочулар менен жолугушуп, коммуналдык кызматтар жана инфраструктура менен байланышкан көйгөйлөрдү талкуулады. Жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Ош шаарында жайгашкан тарыхый жана маданий маңызы бар «Сулайман-Тоо» музей комплекси толук масштабда реконструкцияланат. Долбоордун экспертизасы аяктап, курулуш сентябрь айынын аягында башталат. Проектти бүтүрүү 2028-жылга каралган жана ага жалпы 12,7 миллион доллар бөлүнүп, бул каражатты дүйнөлүк банк камсыздайт.