Материалдар: 1
Бишкек шаарында Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде анын 116 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана жаштар уюмдары катышты. Максаты — өлкөнү өнүктүрүүгө кошкон салымын эскерүү.