Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселесин чечүү боюнча кезектеги жыйын өткөрдү. Отурумдо экономикалык коопсуздукту камсыздоо, калкты үзгүлтүксүз камсыздоо жана улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максаттары талкууланган.