Материалдар: 1
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-октябрда, Түркиянын Анкара шаарына жумушчу сапары менен келди. Аны «Этимесгут» эл аралык аэропортунан Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Сапардын негизги максаты — Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитине катышуу.