Материалдар: 2
«Дос-Кредобанк» акционердик коом жана «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү мамлекеттик банкы» акционердик коому Кыргызстандын ишкерлери үчүн кошумча арзандатуу мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол койду. Эл аралык ESG-стандарттарына негизделген бул келишим бизнес үчүн насыя ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
«Дос-Кредобанк» ААК түрк мамлекеттеринин ортосундагы трансчекаралык каржылык кызматтарды жөнөкөйлөтүү максатында жалпы цифралык кошелек түзүү боюнча демилге менен чыкты. Бул демилге түрк мамлекеттеринин каржылык технологиялар боюнча эл аралык миссиясында тааныштырылып, Кыргызстан жана Азербайджан сыяктуу өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарын бекемдеп турушу мүмкүн.