Материалдар: 1
Депутат Азимжан Жалилов Жогорку Кеңештин жыйынында Өзгөн районунун фермерлери аммиак селитрасы менен дизель майынын кескин кымбатташына даттанып жатканын билдирди. Анын айтымында, чыгымдарды актай албай жаткан дыйкандар маселени өкмөттүн көзөмөлүнө алууну суранышууда. Ошондой эле эл өкүлү турак-жай документтерин тариздөө жана ички жолдорду оңдоо маселелерин көтөрдү.