Материалдар: 3
Бишкектеги «Адинай» паркында ачык «Street Workout» чемпионаты өткөрүлгөн. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, спорттук мелдештерге 150ден ашык спортчу жана уличный спорт кызыкчылдары катышкан. Жарыштын уюштуруучуларынын арасында Бишкек шаардык мамаленин физикалык маданият жана спорт департаменти, ошондой эле КР Экстремал жана уличный спорт федерациясы жана анын Бишкек боюнча регионалдык бөлүмү камтылган.
Бишкек мэриясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында эки жабык теннис комплексин оңдоп-түзөө боюнча сынактын жеңүүчүлөрүн жарыялады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Жыйынтыгында, 4-кичи райондогу объектти "Прайм Корт" ЖЧКсы, ал эми Тоголок Молдо көчөсүндөгү комплексти "Октопус Интернешнл" ЖЧКсы реконструкциялайт.
2026-жылдын 18-19-июлунда Бишкекте экстремалдуу уличный спорт фестивалы уюштурулат. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан спортчулар катышат. Фестиваль скейт-парктарда жана воркаут аянтчаларында өтүп, майып балдар үчүн атайын программа даярдалган.