Материалдар: 1
Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАБР) Кыргызстанда электр энергиясын керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли төмөндөп жатканын эскертти. Бул энергетикага да, айыл чарбасындагы сугатка да коркунуч туудурат. Банктын эксперттери Борбордук Азиядагы энергетикалык кызматташтыкты күчөтүү менен суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууну сунушташат.