Материалдар: 2
Кочкор районунда 34 көп балалуу апа «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланды. Мамлекеттик сыйлыктарды алгандарды райондун акиминин катышуусундагы салтанаттуу аземде куттукташты.
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагынын башчысы кызматына Азат Расахан уулу дайындалды. Ал кызматка 2026-жылдын 15-июлунан тарта киришти. Азыркыга чейин бул кызматты Карбозов Алайбек Качкынович ээлеп келген, ал өз каалоосу менен кызматтан кетти.