Материалдар: 2
Жарандык активист Азамат Баяманов Бишкек шаарында кармалып, массалык башаламандык уюштурууга шектелип №1 тергөө абагына киргизилди. Ага карата бөгөт коюу чарасы сот тарабынан тандалды.
Азамат Баяманов Кыргызстандын жерлерин чет элдик инвесторлорго ижарага берүү саясатына ачык каршы чыкты. Ал өзүнүн видеокайрылуусун Facebook социалдык тармагына жарыялагандан кийин, кийинки күнү КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УЛУКБ) сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди.