Кыргызстандын жарандык активисти Азамат Баяманов өзүнүн Facebook баракчасында өлкөдөгү жерлердин чет элдик инвесторлорго ижарага берилүүсүнө каршы чыккан видеокайрылуу жайгаштырды.

Видеокайрылуудан кийинки күнү Баямановду Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сүйлөшүүгө чакырышканын өзүнүн социалдык тармагындагы билдирүүсүндө кабарлады.

“Бүгүн мага УЛУКБдан чалып, кечки саат 17:00дө Asia Mall соода борборунун жанындагы УЛУКБнын имаратына келүүнү суранды. Мен Кыргызстан жерлерин чет элдик инвесторлорго өткөрүүгө каршы болуп, өзүмдүн жарандык позициямды ачык билдиргенмин. Азырынча толук маалымат жок. Кездешүүдөн кийин абалга жараша кошумча маалымат берем”, — деп жазды Баяманов.
Азамат Баяманов

Бул окуя Кыргызстандагы жер маселесине байланыштуу коомдук талкуунун уланып жаткан мезгилине туш келди. Азамат Баямановдун билдирүүлөрү жана анын КР УЛУКБга чакырылышы коомдон олуттуу реакция жаратууда.